18:33, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
14:45, 18-март, 2026 (41 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды
12:11, 18-март, 2026 (9 адам окуп жатат)
Лейлекте депутат камакка алынды: Иштин чоо-жайы

Чет өлкөлүктөргө даяр №086 медициналык маалым каттарды сатуу схемасы аныкталды

На русском
12:32, 18-март, 2026 605

АКИpress - 16-мартта чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштуруучу жана анын шериги болгон А.М., И.Т.В. аттуу жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 медициналык маалым каттарды жасалмалоо жана сатуу фактысы аныкталды.

«Пакистандын жараны А.М. кармалды. Ал чет өлкөлүк жарандарга даяр медициналык маалым каттарды сатып жүргөн. Аталган мыйзамсыз иш-аракетке Улуттук госпиталдын медициналык кызматкери И.Т.В. көмөк көрсөткөн.

Тинтүү учурунда А.М.нын жашаган жеринде жана И.Т.В. иштеген жеринде 160тан ашык даяр медициналык маалым каттар табылып, алынган.

Түштүк Азия өлкөлөрүндө көп өлүм менен мүнөздөлгөн «Нипах» вирусунун жайылышы катталып жаткан шартта, чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында медициналык текшерүүдөн өтпөстөн жүрүүсү өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалга түздөн-түз коркунуч жаратат. Бул улуттук коопсуздуктун маанилүү маселеси болуп эсептелет», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»