21:02, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (222 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (169 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды

Ош шаарында төрт эм төрөлдү

На русском
18:54, 18-март, 2026 690

АКИpress - 12-март күнү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында кесарево жолу менен төрт эм төрөлдү.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 32-жумасында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. Бул анын биринчи төрөтү. Наристелердин салмагы: кыз - 1830 г, уул - 1815 г,  кыз - 1520 г, кыз - 1500 г.

Оорукана директору Атабек Жумалиевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө эненин да, ымыркайлардын да абалы канааттандыраарлык. 23-март күнү үйүнө чыгаруу пландалууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»