19:53, 17-март, 2026

«Кыргызнефтегаздагы» коррупция боюнча кылмыш иши козголду

На русском
18:32, 17-март, 2026 659

АКИpress - Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган «Кыргызнефтегаз» боюнча иликтөөнүн негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

«Иликтөөдө айтылгандай, ишкананын айрым кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, байланышы бар компаниялар менен сүйлөшүп алып, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурушкан. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдары «Кыргызнефтегаз» стратегиялык маанидеги жана толугу менен мамлекеттик менчикте экенин билишип, ошондой эле анын ишмердүүлүгүн мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына натыйжалуу жүргүзүү милдети жүктөлгөнүн түшүнүп туруп, бул милдеттерге каршы аракеттенишкени аныкталган.

Республикада күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар өсүп жаткан шартта, абалды турукташтыруу боюнча чараларды көрүүнүн ордуна, алар мамлекеттик органдардын азырынча такталбаган кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүүгө барышкан. Натыйжада айрым компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, өздөрү жана башка жактар үчүн мыйзамсыз материалдык пайда табууга, анын ичинде салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бул факт боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен толук жана калыс иликтөөгө жана күнөөлүү адамдарды аныктап, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө аракеттер жүргүзүлүүдө», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»