21:02, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (222 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (169 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды

На русском
17:40, 18-март, 2026 176

АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистика тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Данияр Амангелдиев элчини миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылдын декабрында Пакистанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу мамилелердин жаңы этабы түзүлгөнүн белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданы көбөйтүү, ошондой эле инвестициялык жана энергетикалык кызматташууну активдештирүү зарылчылыгы белгиленди.

Өз кезегинде элчи Алтамаш Вазир Хан жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Исламабад Бишкек менен өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»