21:52, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (171 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (114 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды
12:11, 18-март, 2026 (9 адам окуп жатат)
Лейлекте депутат камакка алынды: Иштин чоо-жайы

Парламент Руслан Сүйналиевдин каржы министри кызматына талапкерлигин жактырды

На русском
15:41, 18-март, 2026 449

АКИpress - Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар каржы министринин кызмат ордуна Руслан Сүйналиевдин талапкерлигин жактырышты.

Анын талапкерлигин президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев сунуштады.

Буга чейин ал каржы министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сүйналиевдин талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»