17:31, 18-март, 2026

Парламент Руслан Сүйналиевдин каржы министри кызматына талапкерлигин жактырды

На русском
15:41, 18-март, 2026 344

АКИpress - Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар каржы министринин кызмат ордуна Руслан Сүйналиевдин талапкерлигин жактырышты.

Анын талапкерлигин президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев сунуштады.

Буга чейин ал каржы министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сүйналиевдин талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»