АКИpress - Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына депутат Бакыт Тентишевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Учурда ал Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү.
Комитеттин жетекчисинин орду Кубанычбек Конгантиев парламенттен кеткенден кийин бош калган.