20:18, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (408 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (279 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды

Парламент Алмаз Бакетаевдин Улуттук банктын төрагасы кызматына талапкерлигин жактырды

На русском
14:32, 18-март, 2026 517

АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-марттагы жалпы жыйында Улуттук банктын төрагасы кызматына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин жактырышты.

Буга чейин ал каржы министри болуп иштеген.

Бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев Улуттук банктын төрагасы болуп турган Мелис Тургунбаев кызматтан өз каалоосу менен кетүү арызын жазганын билдирди.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Бакетаевдин талапкерлиги депутаттар тарабынан бир добуштан жактырылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»