17:31, 18-март, 2026

№31 абактын дарыгери кызматтык абалынан пайдаланууга шектелүүдө

На русском
13:34, 18-март, 2026 411

АКИpress - 17-мартта №31 түзөтүү мекемесинде коррупциялык факт аныкталгандыгын 18-мартта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №31 абактын ооруканасынын жетекчисинин орун басары А.К.К. алдамчылык беренеси боюнча айыпталууда. Ал №21 (1-абак) тергөө абагында отурган 29 жаштагы жарандын терапия бөлүмүндө дарылануусун улантып кармап туруу үчүн андан 10 миң сом талап кылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучунун атасы шектүүгө эки жолу 5000 сомдон которгон.

Материалдар юридикалык баа берүү үчүн ЖАМКнын УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.

Ошондой эле, кызматтын Ички иликтөөлөр башкы башкармалыгы текшерүүнү улантууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»