АКИpress - Депутат Сеидбек Атамбаев 18-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги Сүрөтчүлөр үйүнүн тагдыры тууралуу маселени көтөрдү.
Анын айтымында, 90 жылдык тарыхы бар Сүрөтчүлөр биримдигинин имараты президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүшү мүмкүн деген маалыматтардан кийин талкуунун чордонунда калды.
«ЖМКларга чыккан маалымат боюнча түшүндүрмө бериңиздер», - деди депутат.
Ал бул жагдайга байланыштуу көркөм өнөр тармагынын өкүлдөрүнүн арасында нааразычылык жаралганын билдирди.