АКИpress - Бишкектин түштүк аймагында 19-мартта суу болбойт, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Таза сууну берүү саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык-тиричилик, өнөр жай объекттерине токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймак: И.Ахунбаев көчөсү — Абай көчөсү — Сүйөркулов көчөсү — Байтик баатыр көчөсү — Саманчин көчөсү — Масалиев көчөсү — Малдыбаев көчөсү.
Суу берүүнүн токтотулушу Д-300 мм суу түтүгүн көчүрүүгө байланыштуу.