22:37, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (189 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (128 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды
14:49, 17-март, 2026 (14 адам окуп жатат)
Бишкекте жылытуу качат өчөт? Мэриянын жообу

Нуржан Жетибаев Кыргызстандын футзалчыларын машыктырууну улантат

На русском
09:23, 18-март, 2026 247

АКИpress - Кыргыз футбол биримдиги футзал боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нуржан Жетибаев менен келишимдин мөөнөтү узартылганын жарыялады.

Жетибаев менен келишим эки жылга узартылды. Ошондой эле ал өлкөдө футзалды өнүктүрүү боюнча директор болуп да дайындалды.

Жетибаев башкы машыктыруучу болуп 2025-жылдын октябрь айында дайындалган. Ал команданы 2026-жылдын январь айында Индонезияда өткөн Азия кубогунуна даярдаган.

Кыргызстандыктар Азия кубогунда Ирак жана Индонезияга утулуп, Кореяны жеңишкен, бирок тайпадан чыга алышкан эмес.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»