АКИpress - Бишкек мэриясы «АКИpress» агенттигине үйлөрдү жылытуу кайсы учурда өчүрүлөрүн кабарлады.
Сырттагы абанын суткалык орточо температурасы беш күн бою +8 градустан жогору болгон учурда жылуулукту өчүрүү маселеси каралат.
Бүгүн, 17-мартта Бишкекте абанын күндүзгү температурасы +11…+13 градус болууда. Эртең, 18-мартта аба +13…+15 градуска чейин жылышы күтүлүүдө.