18:51, 17-март, 2026

Маданият министрлигине 100дөн ашуун унаа тапшырылды

17:55, 17-март, 2026 337

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият мекемелерине автоунаа тапшыруу аземине катышты. 

Өз сөзүндө Минкаб башчысы маданият чөйрөсүн каржылоонун көлөмү жыл сайын өсүп, тармактын бюджети 2021-жылы 2,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 6,9 млрд сомго чейин көбөйүп, акыркы беш жыл ичинде каржылоо дээрлик 2,5 эсеге өскөнүн белгиледи. Ал эми былтыркы жылы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 851 млн сом бөлүнсө, 2026-жылы 176,9 млн сомго ата мекендик өндүрүштөгү 117 автоунаа сатып алынып, бүгүн тапшырылууда. 

“Бүгүнкү күндө маданият мекемелеринин балансында турган автотранспорттун олуттуу бөлүгү физикалык жана моралдык жактан эскирип, көп жылдар бою жаңыртылбай пайдаланылып келген. Тапшырылып жаткан автотранспорт каражаттары сиздердин ишиңиздерди жеңилдетип, жаңы дем берет деп ишенем. Бул унаалар элге кызмат кылып, маданиятты жайылтууга, жаш муундарды тарбиялоого жана улуттук баалуулуктарыбызды сактоого кызмат кылсын”, - деди Касымалиев. 

Ошондой эле Минкаб башчысы экономиканын өнүгүүсүнө жараша жылдан жылга республикалык бюджеттен каржылоо көбөйөрүн билдирип, ошону менен бирге маданият мекемелери да рентабелдүү болууга, каржылоого өз салымын көбүрөөк кошууга аракет жасоосу керектигин кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»