20:22, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (440 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (292 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды

Бишкекте Профсоюз көчөсүнүн уландысы кантип курулат?

На русском
16:28, 17-март, 2026 832

АКИpress - Бишкекте Профсоюз көчөсү аркылуу Кустанай көчөсүнөн Түндүк айланма жолундагы «ГАИ» постуна чейинки жаңы айланма жолду куруу иштери уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы болочоктогу жолдун схемасы менен бөлүштү.

Мекеменин маалыматына караганда, объектке керектүү техникалар тартылып, жолдун негизин (жер катмарын) даярдоо иштери жүрүп жатат.

Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 8,5 чакырымды түзүп,  II техникалык категориядагы, кыймылы жөнгө салынуучу жалпы шаардык маанидеги көчө болот. Жол төрт тилкелүү болуп, коопсуздукту камсыздоо үчүн ортосуна темир-бетон тосмолор орнотулат. Ошондой эле жолдун эки тарабына тең тротуарлар салынып, жарыктандыруу системасы орнотулат.

Жарыяланган схемага ылайык, жолдун уландысы Новопавловка көрүстөнүн айланып өтөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»