22:35, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (191 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (138 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды

«Дордойдогу» унаа токтотуучу жайлар мэрияга өтөт

На русском
14:45, 17-март, 2026 438

АКИpress - 16-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолукту.

Тараптар «Дордой» базарынын ичиндеги инфратүзүмдү жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бардык зарыл иштер аткарылды. Биз бизнеске каршы эмеспиз, тескерисинче, аны колдойбуз. Бирок бул өнүгүү башаламан жүрүшү керек дегенди билдирбейт. Соодагерлер үчүн да, шаардын тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл», - деди калаа башчысы.

«Дордой» базарынын инфратүзүмүн жакшыртуунун  алкагында көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Анын ичинде көлмөнүн айланасын тосуп, сейилдөө үчүн атайын жөө жүрүүчү аймак түзүү пландалууда.

Мындан тышкары, мэр базардын аймагындагы бардык унаа токтотуучу жайларды кайрадан муниципалитеттин балансына өткөрүп, төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүү системасын киргизүүнү тапшырды.

«Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков базардын аймагындагы жолдорду куруу иштери 1-апрелден тарта башталарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр тоскоолдук жараткан объекттерди демонтаждоо иштерин аяктоо тапшырмасын берди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»