04:07, 18-март, 2026

Чүйдө коногун бычактап өлтүргөн шектүү кармалды

На русском
12:52, 17-март, 2026 513

АКИpress - Чүй облусунун Москва районунда киши өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

16-мартта ички иштер органдарына Садовое айылындагы үйдүн короосунан киши колдуу болгон эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Текшерүү учурунда үйдө 1988-жылы туулган С.С. аттуу жаран жашай турганы аныкталган. Короодон Кара-Балта шаарынын тургуну — 1993-жылы туулган П.О. аттуу жарандын зомбулук менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, 14-мартта каза болгон жаран таанышына конокко келген. 16-мартка караган түнү алар спирт ичимдиктерин ичип жатып, урушуп кетишкен. Анын кесепетинен үй ээси коноктун моюн тушуна ашкана бычагы менен сокку урган. Маркум алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон, андан соң шектүү сөөктү короого алып чыгып койгон.

Бул факт боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»