АКИpress - Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен акча талап кылуу жана мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«Тактап айтканда Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин ар биринен 4000 сомдон 5000 сомго чейин мыйзамсыз түрдө акча талап кылышкан. Чогултулган акча каржылык мыйзам бузууларды жашыруу максатында Эсептөө палатасынын инспекторуна берилет деп айтылган.
Бул ишке тиешеси бар адамдардын кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда 68 000 сом накталай акча, ошондой эле Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин (мектептер жана бала бакчалар) тизмеси, каражаттардын которулушу жөнүндө белги коюлган жазууар аныкталды.
12-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.У.С. кармалып, соттун чечими менен тергөө учурунда убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.