13:42, 15-март, 2026

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

На русском
10:32, 15-март, 2026 805

АКИpress - Бүгүн, 15-мартта президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады.

Президенттин куттуктоо сөзү өзгөртүүсүз берилди.

«Ак калпактуу ардактуу аталар! Кымбаттуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Аталар күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Алмустактан бери кыргыз элинде атанын да, эненин да өз орду, өз милдети аныкталып такталган. Абалтан элибизде өмүр деген улуу дайра атадан башталат, ошол үчүн ата – аскар тоо, эне – боорундагы булак, бала – ортосунда күйүп турган шам чырак делип, мамлекеттин тамыры да, тиреги да болгон үй-бүлөнүн эң мыкты модели түзүлгөн. Аталарга болгон сыйыбыз улутубуздун атына болгон урматында да билинип, элибизде кыргыз атадан тараган деген түшүнүк эзелтеден эле калыптанган. Атага таянган уңгу жол бүгүнкү күнгө чейин өзөгүн өзгөртпөй, жолун жоготпой учугу уланып келет, мындан ары да сапарын улай берерине эч кандай шек жок. Айрым баалуулуктар алмашып бараткан ааламдашуу доорунда да кыргыз дүйнө таанымында атанын улуктугу, эненин ыйыктыгы, баланын бакыт экени бекем орношу абзел! Кечээги тарыхыбызда журт жоопкерчилигин алган журт аталарынын, элдин уюткусуна айланган көсөм энелердин атак-даңкы, Ата Мекенине кылган ак кызматы ушу күнгө чейин айтылып, азыркы ата-энелерге, ата-эне болуучу кийинки муун өкүлдөрүнө өрнөк катары өтсүн деген тилек менен “Атанын сөзү – акылдын көзү”, “Атанын өнөрү – балага мурас”, “Жакшы атанын кадыр-баркы – жаман уулга кырк жыл азык”, “Атанын тилдегени – баласын бил дегени” деген сыяктуу таасын накыл кептер заман закымында бүгүн да жаңырып келет. Аталардын коомдун өнүгүшүндөгү ат көтөргүс орду менен бирге, жогоруда белгиленгендей, алардын мамлекеттин тиреги болгон үй-бүлөнү чыңдоодогу ролу өзгөчө. Эң ириде, ата – бул жоопкерчилик, үй-бүлөнүн бүтүндүгү жана бекемдиги. Ошондуктан Жараткан тарабынан атага өмүрлүк жары, балдары аманат кылынып, үй-бүлөсү үчүн кандай гана кыйынчылыктар болбосун даяр болууга майышпас мүнөз, эркектик акыл-парасат тартууланган. Үй-бүлөдө ата – баланын биринчи таянары, биринчи коргоочусу, биринчи үлгүсү болсо, коомчулукта ата – бул жашоонун багыт берүүчүсү, улуттун ар-намысы. Мындан улам, өлкөбүздүн жаркын келечеги болгон балдарды тарбиялоодо атанын да орду өтө жогору экенин эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ардактуу кыргызстандыктар! Аталар бул күнү эле эмес, ар дайым ардакталсын, коомдо аталардын орду бөксөрбөсүн, ар бир кыргыз жараны өз атасы менен сыймыктансын. Сиздерди бүгүнкү Аталар күнү майрамы менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктайм. Уул-кыздын ишенген таянычы болгон аталарыбызга кажыбас кайрат, мокобос эрк, руханий дем-күч каалайм. Ата салтын, эне наркын бапестеп, баалап келаткан барча журтубуз бар болсун!».

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»