20:39, 14-март, 2026

БШКга Шайырбек Ташиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча арызы түштү

На русском
14:25, 14-март, 2026 1279

АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясына Шайырбек Ташиевден Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз түштү.

БШК анын арызын 14-марттагы жыйынында карайт.

Ташиев №11 шайлоо округу боюнча 24 миң 302 добуш менен шайланган. Ал «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү.

Буга чейин депутаттык мандатын тапшыргандар:

Элдар Сулайманов

Нурланбек Тургунбек уулу

Кундузбек Сулайманов

Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

Кубанычбек Конгантиев

Курманкул Зулушев

Шайырбек Ташиев №11 шайлоо округунан  Алтынбек Кылычбаев жана Венера Салямова менен бирге Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. №11 округдун чек аралары: Манас шаары толугу менен, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаары, Барпы жана Багыш айыл аймактары толугу менен.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»