22:56, 14-март, 2026

Бишкекте өзүн аткан адам Сот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары болгон

На русском
13:19, 14-март, 2026 2078

АКИpress - Бишкекте өзүн аткан жаран Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов экени белгилүү болду. Бул маалыматты Сот аткаруучулар кызматы ырастады.

13-мартта милицияга Кожомбердиев көчөсүндөгү ресторандардын биринин жанында унаада эркек киши өзүн атып салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барган. «GAC» үлгүсүндөгү унаадан октон жаракат алган 1981-жылы туулган К.К. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.

Алдын ала маалымат боюнча, ал мындай кадамга карыздарынан улам барган болушу мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»