12:47, 13-март, 2026

«Кыргызполиметаллга» Тегермач жана Терек-Кассан аянттарында чалгындоо жүргүзүү укугу берилди

На русском
11:06, 13-март, 2026 286

АКИpress - Министрлер кабинети «Кыргызполиметалл» ЖЧКсына эки аянтта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдаланууга укук берди.

Тийиштүү № 110 тескемеге 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган.

Биринчи аянт — Баткен облусунун Кадамжай районундагы алтын, күмүш, сурьма жана сымап боюнча Тегермач аянты. Анын жалпы аянты 6010,6 га.

Мында аймактын аянтынан «Капитал Гео Трейд» ЖЧКсынын № 2426 АЕ лицензиясына таандык 4,4 га лицензиялык аянт алып салынды.

Экинчи аянт — Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алтын, күмүш жана сурьма боюнча Терек-Касса аянты. Анын аянты 2946 га.

Тескеменин өзүнчө шартында, жер тилкелерин пайдаланууну баштоодон мурда компания аталган аймактарда тарыхый-маданий мурастардын объектилери бар же жок экендиги жөнүндө маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын корутундусун алышы керек деп бекитилген.

Анын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

Маалымат үчүн

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Кыргызполиметалл» ЖЧКсынын жетекчиси Памиров Дөөлөталы Жалалбекович, уюштуруучусу — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги. Ишмердүүлүк чөйрөсү: Башка топторго кирбеген түстүү металлдарды казып алуу жана байытуу.

 

Интерактивная карта

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»