АКИpress - Грузиядагы дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасы белгилүү болду.
Тбилисидеги «Чоң шлем» турнири 20-22-март күндөрү өтөт.
Мелдеште эркектер жана аялдар арасында жалпысынан медалдардын 14 комплекти ойнотулат. Башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимовдун жетекчилиги астында беш спортчу татамиге чыгат. Алар:
66 кг чейин — Эрбол Абасбеков
73 кг чейин — Ырыскелди Жумабеков жана Нурмухамед Бакирдинов
90 кг чейин — Эржан Канатбеков
100 кг чейин — Михеили Бекаури
Башкы машыктыруучу — Эркин Ибрагимов