15:01, 12-март, 2026

АКШ Ирандагы операция үчүн 6 күндө 11,3 млрд доллар коротту

12:27, 12-март, 2026 263

АКИpress - Жабык брифингде Пентагондун өкүлдөрү сенаторлорго Ирандагы жасалган чабуулдун алгачкы 6 күнүндө АКШ кеминде 11,3 млрд доллар коротконун билдиришкен. Бул тууралуу «ABC News» сенатор Крис Кунска шилтеме берүү менен жазды.

Ал бул санды болжол менен туура деп атаган. Анын айтымында, чыныгы чыгымдар мындан да кыйла жогору. Ал АКШ Ирандагы согушка күнүнө 1,5 млрд доллардан ашык каражат коротуп жатат деп эсептейт. Азырынча Пентагон Конгресс мурда эле бекитип берген каражаттарды пайдаланып жатат. Ак үй кошумча каржылоо сурап азырынча кайрыла элек.

Буга чейин «The Washington Post» басылмасы операциянын алгачкы 2 күнүндө эле Пентагон 5,6 млрд долларлык ок-дарыларды коротконун жазган. Ошондой эле Дональд Трамптын администрациясы жакынкы күндөрү аскердик өнөктүктү улантуу үчүн Конгресстен дагы ондогон миллиард доллар сурашы мүмкүн экени айтылган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»