АКИpress - Кыргызстандык спортчу Умар Орусбаев Черногорияда өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы Дүйнө кубогунда 2-орунду ээледи.
19 жашка чейинки спортчулар катышкан «Адриатика бермети» турнири 11-мартта Будва шаарында жыйынтыкталды.
Орусбаев 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты, бул салмакта жалпысынан 16 спортчу катталган.
Кыргызстандык мушкер Эстония, Украина жана Швециянын өкүлдөрүн жеңип, финалга жолдомо алган. 11-марттагы финалдык беттеште Орусбаев казакстандык спортчу менен рингге чыккан. Үч раунддун жыйынтыгында калыстар жеңишти казакстандыкка ыйгарышты.
Ал эми Орусбаев күмүш медалга ээ болду.
Ошондой эле Мухаммадали Каныбеков (50 кг чейин), Кутманбий Муратов (70 кг чейин) жана Искандар Расулжанов (80 кг чейин) коло медалдарды багындырышты.
1/8 финал
Артем Котлярский (Эстония) - Умар Орусбаев — 2:3
1/4 финал
Умар Орусбаев - Олександр Пасиченко (Украина) — 5:0
Жарым финал
Исак Абдулвахаб (Швеция) - Умар Орусбаев — 0:5
Финал
Данияр Акбиссенов (Казакстан) - Умар Орусбаев — 4:1 (28-29, 30-27, 30-27, 30-27, 30-27)