15:09, 12-март, 2026

УКМК тарабынан кармалган Куванычбек Конгантиев тууралуу эмне белгилүү?

На русском
09:01, 12-март, 2026 889

АКИpress - Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевге таандык делген активдер тууралуу видео тараган. Тасманын авторлору саясатчы 169 объектти жакындарына каттатканын айтышкан.

10-мартта Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Ал эми 11-мартта УКМК аны аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу менен жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектүү катары кармады.

«АКИpress» саясатчынын жашоосундагы айрым фактыларды топтоду.

- Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич 1980-жылы 1-июнда Пржевальск шаарында [азыркы Каракол] төрөлгөн.

Ал Майлуу-Суу шаарынын белгилүү үй-бүлөсүнөн:

Конгантиев үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

- Ал борбор калаадагы №28 мектептин (1997-жыл), БААУнун (1997-2000-жж.) жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун (2003-жыл) бүтүрүүчүсү. Кесиби боюнча юрист.

- Конгантиев дзюдо жана самбо боюнча КРнын спорт чебери. Ал «Дзюдо боюнча мелдештердин эрежелери» китебинин авторлошу.

- Ал «Муниципалдык кызматтын отличниги» жана «Дене тарбия жана спорттун отличниги» наамдарына ээ. Мындан тышкары, юридика илимдеринин кандидаты, 3-класстагы юрист.

- Түрдүү жеке компанияларда юрист болуп иштеген, ошондой эле прокуратура органдарында эмгектенген. Параллелдүү түрдө спорт менен машыккан.

- 2012-жылдан 2025-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп, бир нече жолу кайра шайланган.

- 2025-жылы 30-ноябрда №21-округ (Бишкектин Ленин району) боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышып, 13 379 добуш алган. 12-декабрда БШК аны VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, 17-декабрда парламентте ант берген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»