АКИpress - Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 тескемесине Талас шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Жаңы № 678 тескемеге Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 8-августунда кол койгон.
Документтин негизги жоболору:
- Талас шаарын өнүктүрүү планынын мөөнөтү 2024-жылдан 2026-жылга чейин узартылды.
- Иш-чаралардын тизмесинин тиркемеси жаңы редакцияда жаңыртылды.
- Каржы министрлигине Талас шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансферт түрүндө 450 млн сом бөлүү тапшырылды.
- Каражаттар мурда № 261 тескеме менен бекитилген Талас шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын жаңыртылган планын ишке ашырууга багытталат.
Мындан тышкары, Каржы министрлиги төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
- Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине тескеменин аткарылышы жөнүндө маалымат берүүгө;
- 2025–2027-жылдарга республикалык бюджетке түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү кароого.
Иш-чаралар планы басылманын жазылуучулары үчүн жеткиликтүү.