18:37, 13-март, 2026

Минкаб Талас шаарын өнүктүрүүгө 450 млн сом бөлдү

На русском
11:03, 26-август, 2025 490

АКИpress - Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 тескемесине Талас шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Жаңы № 678 тескемеге Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 8-августунда кол койгон.

Документтин негизги жоболору:

  • Талас шаарын өнүктүрүү планынын мөөнөтү 2024-жылдан 2026-жылга чейин узартылды.
  • Иш-чаралардын тизмесинин тиркемеси жаңы редакцияда жаңыртылды.
  • Каржы министрлигине Талас шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансферт түрүндө 450 млн сом бөлүү тапшырылды.
  • Каражаттар мурда № 261 тескеме менен бекитилген Талас шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын жаңыртылган планын ишке ашырууга багытталат.

Мындан тышкары, Каржы министрлиги төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  • Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине тескеменин аткарылышы жөнүндө маалымат берүүгө;
  • 2025–2027-жылдарга республикалык бюджетке түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү кароого.

Иш-чаралар планы басылманын жазылуучулары үчүн жеткиликтүү.

Авторизация / Регистрация

выш выбор: год (15000 сом)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»