Кыргызстандык боксчу Нурадин Рустамбек уулу Дүйнө кубогунун коло медалын утту
На русском
Нурадин Рустамбек уулу
АКИpress - Кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулу Астанада бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи.
Кыргызстандык спортчу 75 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалда англиялык спортчуну жеңген.
5-июлда Рустамбек уулу финалга чыгуу үчүн болгариялык спортчу менен беттешкен. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен болгариялык спортчу жеңүүчү деп табылган.
Натыйжада Рустамбек уулу 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды.