02:22, 8-июль, 2025

Касымбек Тазабеков негиздеген кафедрада белгилүү илимдин докторлору, профессор жана доценттер эмгектенишет, - Данияров атындагы институттун ректору

На русском
15:56, 4-июль, 2025 192

АКИpress -  Касымбек Тазабекович Тазабековдун ысымы Кыргыз Республикасында травматологиянын өнүгүшү жана калыптанышы менен байланыштуу. Бул тууралуу 4-июлда Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда С.Б.Данияров атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун ректору Рустам Курманов билдирди.

Анын айтымында, Тазабеков алардын институтунда травматология жана ортопедия кафедрасын уюштурган.

«Касымбек Тазабекович көп жылдар бою бул кафедраны жетектеген. Бүгүнкү күндө бул жерде белгилүү илимдин докторлору, профессор жана доценттер эмгектенишет», - деп айтты Курманов.

Ал балдар менен иштөө — бул терең медициналык билимди талап кылган өзгөчө тармак экенин белгиледи.

«Ошондуктан бүгүн бул залда алдыңкы окумуштуулар, тажрыйбалуу дарыгерлер: травматолог-ортопеддер, педиатрлар, реабилитологдор жана жаш изилдөөчүлөр бир максат менен чогулушту — биздин өлкөдөгү травматология жана ортопедиянын актуалдуу маселелерин талкуулоо. Менимче, бүгүнкү конференция жемиштүү болот, анда кызыктуу баяндамалар жана билдирүүлөр жасалат», - деп кошумчалады Курманов.