14:25, 24-апрель, 2026

Жакында Кыргызстанда роботтоштурулган хирургияны киргизе алабыз деп ишенем, - Сабырбек Жумабеков

На русском
11:37, 4-июль, 2025 730

АКИpress - Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган «Балдар травматологиясы жана ортопедиясынын актуалдуу маселелери» аттуу илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Анын алкагында академик, Улуттук травмотология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков «АКИpress» маалымат агенттигине Кыргызстанда медицинанын бул тармагы кандай өнүгүп жатканы тууралуу маек берди.

- Кыргызстанда балдар ортопедиясынын өнүгүү контекстинде бул конференциянын негизги максаты жана милдети кандай?

- Балдар ортопедиясы — жалпы ортопедиянын өзгөчө бөлүмү. Балдар ортопеди болуш үчүн алгач жогорку класстагы травматолог-ортопед катары даярдыктан өтүп, андан кийин балдар боюнча адистешүү керек. Нөлдөн баштап адис даярдоо мүмкүн эмес, Америкада да андай кылышпайт.

Бул багыт бала төрөлгөндөн 18 жашка чыкканга чейин өзгөчө мамилени талап кылат. Таяныч-кыймыл аппаратынын патологияларына байланыштуу маселелер дал ушул мезгилде чечилет. Кыргызстанда мындай учурлар абдан көп. Бизде таяныч-кыймыл системасынын бузулушуна байланыштуу майыптыгы бар 90 миңге жакын бала бар: жамбаш муунунун дисплазиясы, моюн кыйшаюу, сколиоз, жалпак тамандуулук, ДЦП жана башкалар.

Бул конференциянын мааниси чоң, биз аны эл аралык адистердин катышуусунда өткөрүп жатабыз. Иш-чара Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү — бул тармактагы биринчи медицина илимдеринин кандидаты Касымбек Тазабековдун элесине арналган. Ал Москвада,  Травматология жана ортопедия боюнча улуттук медициналык изилдөө борборунда (ЦИТО) окуган, ординатураны жана аспирантураны бүтүргөн, андан кийин Кыргызстанга кайтып келип, балдар ортопедиясынын мектебин өнүктүрө баштаган. Биз жетишкен нерселердин баары анын жардамы менен болду.

Бүгүн бизге АКШдан, Германиядан, Нидерландыдан, Түркиядан, Мексикадан, Россиядан жана башка өлкөлөрдөн кесиптештер келди. Мен үчүн бул маанилүү окуя — мен дал ушундай балдар ортопедиясына жана мугалимибиздин элесине арналган конференцияны кыялданчумун. Бул форум практикалык натыйжаларды берет жана мындан аркы өнүгүүнүн негизи болот деп ишенем.

- Кыргызстанда травматология жана ортопедия жалпысынан кандай өнүгүп жатат деп ойлойсуз?

- Травматология жана ортопедиянын өнүгүшүнө Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун (БНИЦТО) мектеби негиз болгон. Биз ал жерде 18 жыл иштедик, бул күчтүү илимий база болчу, ал жерде биз жардам көрсөтүп эле тим болбостон, илимди да өнүктүрдүк. Ушул убакыттын ичинде биз бүткүл өлкө боюнча 400дөн ашык адистерди даярдадык: Нарында, Таласта, эң алыскы аймактарда. Бизден даярдыктан өткөн дарыгерлер кээде борбордон да жогору деңгээлде эң татаал операцияларды жасашат.

Биз муундарды, шишиктерди, омуртка ооруларын, сколиозду дарылоодо эң жаңы технологияларды киргиздик. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда батыш өлкөлөрүндө жасалган операциялардын дээрлик бардыгы жасалат. Ошондой эле бизде 68 кандидаттык жана докторлук диссертациялар корголгон. Бул кыргыз ортопедиясы жана травматологиясынын бүтүндөй мектеби. Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда эле эмес, Россияда, Түркияда, Германияда, АКШда, Казакстанда, Тажикстанда да иштешет. Аларды бардык жерде кубаныч менен тосуп алышат: «Жумабековдун мектебиби? Алабыз», - дешет.

Жакында президент Травматология жана ортопедия боюнча жаңы улуттук борборду түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Чоң суммада каржылоо бөлүндү, курулуш тез жүрүп жатат. Кийинки жылы борбор ачылат деп пландалууда, бул бардык дүйнөлүк стандарттарга жооп берген заманбап 7 кабаттуу имарат болот.

- Конференциянын темаларынын бири — 3D технологияларын жана роботтоштурулган хирургияны киргизүү. Сиз жакында Кытайдан жана Европадан кайттыңыз. Бул тармакта эмне жаңылыктар бар экен?

- Ортопедия жана травматология абдан тез өнүгүүдө. Жыл сайын жаңы нерселер пайда болуп, артта калбоого аракет кылабыз. Биз дайыма эл аралык конференцияларга, конгресстерге катышабыз. Эгерде өткөн жылы Кытайда хирургиялык роботторду чыгарган 2 гана завод болсо, быйыл алардын саны 9га жетти.

Мен жакында эле Италияда стажировкадан өттүм, ал жерде немис жана италиялык кесиптештер менен биргелешип түзүлгөн биринчи европалык «Робин» хирургиялык роботу көрсөтүлдү. Жакынкы арада Кыргызстанда да роботтоштурулган хирургияны киргизе алабыз деп ишенем. Бул медицинанын келечеги жана биз ага умтулабыз.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»