АКИpress - Министрлер кабинети жеке компания менен «Ысык-Көл облусунда «Ramada Resort by Wyndham Issyk-Kul» бренди менен көп функционалдуу спорттук-мейманкана комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды.
Комплекс Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде курулат жана 2025–2030-жылдарга карата туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын бир бөлүгү болот.
Инвестор долбоорго кеминде 27 млн доллар салууну пландаштырууда.
Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү инвестициялык келишимге кол коюлган күндөн тартып 10 жылды түзөт.
Инвестор компаниянын негиздөөчүсү - Кыргызстандагы белгилүү ишкер, тамак-аш азыктарын өндүрүүчү компаниянын ээси.
Толук маалымат жазылуу аркылуу жеткиликтүү.