АКИpress - Министрлер кабинети улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында «Барса» академиясын куруу жана жабдуу долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитти.
Бул тууралуу Минкаб төрагасы 2024-жылдын 8-октябрында кол койгон №623 тескемеде баяндалат.
Тизмеде көрсөтүлгөн уюмдарга долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0% өлчөмүндө белгилөө тапшырылды.
Тескеме менен белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Тизмеге 12 уюм кирди. Алардын арасында Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы президенти Канатбек Абдыкадыров, бизнесмен Уланбек Жураев дагы бар.