АКИpress - Психологдордун изилдөөсү жана баалоосуна ылайык, коомдук транспорттордо сексуалдык ыдыкка кабылган аялдар жана балдар жардам сурап кайрылышпайт, деп билдирди «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова. Ал мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан «Коопсуз транспорт — куугунтукка каршы инновациялар» аттуу хакатондо билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспортто сексуалдык ыдыкка кабылгандар реабилитациядан өтүшпөйт, жардам сурап кайрылышпайт, анткени алар уялышат, шылдың болуудан коркушат.
«Акыркы жылдары Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө балдарга жана аялдарга карата гендердик зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн көлөмү кыйла өстү. Бул эски ыкмалар иштебейт, жаңы чечимдерди киргизүү керек деген сигнал. Биз транспорттогу сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн алдын алуу үчүн инновациялык чечимдерди ойлоп табуу эффективдүү ыкмалардын бири деп эсептейбиз», - деди ал.
Турдубекова хакатонго катышкан IT адистери жана жаштар гендердик зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө жол бербөөгө үйрөнүшкөнүн белгиледи. Бүгүн жана эртең алар санарип продукцияларды иштеп чыгышат.
«Биз жыйынтыктарды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, жок дегенде тиркемелер, же белги берүүнүн онлайн жолдору иштелип чыгат деп күтөбүз», - деди фонддун директору.
Назгүл Турдубекова фонд өнөктөштөрү менен бирге бул көйгөйдү токтото аларына ишенерин айтты.
«Балдардын укугун коргоочулар лигасынын» директору хакатондун жардамы менен бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруп, зордук-зомбулукка жана куугунтукка кабылган аялдарды жана кыздарды стигматизациялоого каршы экендиктерин билдирүүнү каалаарын кошумчалады.
«Биз айымдар же балдар кайсы жерде, кандай транспортто болбосун алардын коопсуздугу сакталышы үчүн чечимдерди таба алабыз деп ишенебиз», - деп белгиледи Н.Турдубекова.