АКИpress - Социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Facebook социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдар жарыялангандыгы аныкталган. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
"Комментарийлерде коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана башаламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр орун алган.
Аталган факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктарга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан жалган аккаунттун ээси жана колдонуучусу журналист, 1976-жылы туулган А.А. кармалган.
Аталган аккаунт аркылуу жарыяланган бир катар билдирүүлөр мыйзам талаптарына ылайык текшерүүгө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
10-мартта А. А.нын жашаган жерин тинтүү учурунда кылмыш иши үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон бир катар техникалык каражаттар жана буюмдар табылып, алынган. Алардын катарында уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер жана башка буюмдар бар.
11-мартта шектүү А. А. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда", - деп айтылат расмий маалыматта.
Социалдык тармактарда журналист Алтынай Арстанбекова кармалганы маалымдалган.