14:02, 26-июнь, 2022

Айпери Медет кызы казакстандык спортчуну 33 секундда жеңип алды. Видео

На русском
13:25, 24-июнь, 2022 1497

АКИpress -  Айпери Медет кызы казакстандык спортчу Инкара Жанаталиеваны 33 секундда жеңип алды.

Беттеш ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасында Азия чемпионатынын алкагында өттү.

Айпер Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анда жалпысынан 5 спортчу бир айлампада күч сынашты.

Айпери бардык спортчуларды жеңип, 1-орунга ээ болду.

Муну менен ал экинчи жолу 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону аталды. Буга чейин 2018-жылы да чемпион болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком