13:55, 26-июнь, 2022

+36 градус: 25-июнга карата аба ырайы

На русском
13:06, 24-июнь, 2022 253

АКИpress -  Кыргызгидромет билдиргендей, 25-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абаддын өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +15…+20

күндүз +29…+34

Талас облусунда

түнкүсүн +13…+18

күндүз +27…+32

Баткен облусунда

түнкүсүн +18…+23

күндүз +31…+36

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +18…+23

күндүз +31…+36

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +11…+16

күндүз +23…+28

Нарын облусунда

түнкүсүн +11…+16

күндүз +23…+28.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +32…+34 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +25…+27 градуска жетет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком