14:50, 26-июнь, 2022

Президент Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопту кабыл алды

На русском
12:43, 24-июнь, 2022 161

АКИpress -  Өлкө президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламент аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз жана түрк элдерин маданият жана салттагы жалпы баалуулуктар байланыштырып турарын белгилеп, «биз эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө дайым даярбыз»,- деп билдирди.

Садыр Жапаров, күзүндө Түркиянын Изник ​​шаарында кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, Кыргызстан ага катышууга ниеттенип жетканын белгилеп, кыргыз тарап уюштуруучулук маселелерде жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Кыргызстанга бир катар актуалдуу маселелер талкуулана турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) ХI пленардык жыйынына катышуучу парламенттик делегацияны жетектеп келгенин билдирди.

Мустафа Шентоп Кыргызстан менен кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык багытта дагы жакшы ыргакта өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал түркиялык парламенттин өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өстүрүүгө салым кошууга даярдыгын билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком