АКИpress - Операциядан кийин оң колу жана буту иштебей калган Чаектин тургун кайрылды деп маалымдады депутат Нурбек Сыдыгалиев бүгүн, 13-мартта «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында.
«Бишкек шаарындагы ооруканада киста оорусу боюнча операция болуптур. Анан операциядан кийин бул оң колу, оң буту иштебей калыптыр. Операция болгон жерин тигип жатканда нерв жабыркагандыгы, буту баспай калгандыгы аныкталган деп айтып жатат», деген депутат саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиевден бул боюнча маалыматты тактап берүүнү суранды.
Мамадалиев жаранды шаршемби күнү кабыл алганын, учурда соттук-медициналык экспертиза болбогондуктан бирөөнү күнөөлөдөн алыс экенин билдирди. Анын айтымында, учурда келин Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Ал териштирүүнүн жыйынтыгы тууралуу кагаз түрүндө жооп берерин убадалады.