14:40, 26-июнь, 2022

УКМК пара алып жүргөн Кадр кызматынын адисинин видеосун жарыялады

На русском
11:05, 24-июнь, 2022 1001

АКИpress -  Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө коррупциялык схема аныкталды.

УКМК билдиргендей, кечээ, 23-июнь күнү УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси С.Ж.Ж.ны пара алып жаткан жеринен кармады.

Кармалган кызматкер улуттук кадрлар резервине кирүү үчүн тест тапшырган талапкерлерден ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүмүнө (Пара алуу) ылайык кылмыш иши козголуп, айыпталуучу УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком