13:49, 26-июнь, 2022

Өзбекстанда 4 жаштагы бала белгисиз оорудан каза болду

На русском
09:37, 24-июнь, 2022 161

АКИpress -  Социалдык түйүндөрдө Кашка-Дарыя облусунун Гузар районунда 4 жашар бала белгисиз оорудан каза болгону тууралуу маалымат пайда болду. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги окуя боюнча комментарий берди.

Маалым болгондой, каза болгон баланын 6 жаштагы тууганы оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер дартын аныктай албаганы белгиленүүдө.

«Абалды иликтөө жана тактоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан квалификациялуу профессорлор менен дарыгерлерден турган атайын медициналык топ түзүлүп, дароо Гузар районуна жөнөтүлдү», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кырдаалды көзөмөлгө алды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком