АКИpress - Акыркы сутканын ичинде Чүй облусунун аймагында COVID-19 диагнозу менен 22 бейтап катталды. Ооруканадан 23 адам чыгарылган. Каза болгондор жок.
Облуста COVID-19 диагнозу жалпы 13 100 адамдан аныкталган. Алардын ичинен 6267 адам пневмониядан жабыркады.
Бүгүнкү күнгө карата Чүй облусунда коронавирус менен пневмониядан жалпы 12286 адам дарыланган.
Оорунун кесепетинен 172 бейтап көз жумду.