23:34, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлери KOICA агенттигинин ишмердүүлүгүн талкуулашты

На русском
08:07, 17 тогуздун айы 2019 56
Глава МИД Южной Кореи Кан Гён Хва и глава МИД КР Чингиз Айдарбеков
Глава МИД Южной Кореи Кан Гён Хва и глава МИД КР Чингиз Айдарбеков
// Пресс-служба МИД

Баракелде -  16-октябрда Казакстандын Нур-Султан шаарындагы «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташуунун 12-форумуна катышуунун алкагында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Кан Гён Хва менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар ушул жылдын 17-19-июлунда Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары эки тараптуу кызматташууга жаңы импульс бергендигин баса белгилешти. Мындан тышкары Кореянын өкмөт башчысынын сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашырууну талкуулашты.

Министр Ч.Айдарбеков KOICA агенттигинин Кыргызстандагы линиясы боюнча бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын баса белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком