05:05, 13-март, 2026

Сүрөт: Депутат Осмонбек Артыкбаев сот отурумуна майып араба менен келди

На русскомEnglish
14:29, 13-сентябрь, 2019 569

АКИpress - Бүгүн, 13-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча сот отуруму улантылды.

Сот отурумуна камактагы депутат Осмонбек Артыкбаев күбө катары чакырылып, К.Кулматов мэр болуп иштеп жатканда курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп боюнча суралды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун алкагында эки жаңы мектептин курулушу үчүн берген 2 млн доллар грантты мыйзамсыз пайдаланган.

О.Артыкбаевди отурумга майып араба менен алып келишти.

Артыкбаев Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция иши боюнча камалган. Ал 2018-жылы 7-июнда кармалган болчу.

Бүгүнкү отурумда «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын мурунку жетекчиси Айбек Калиев (учурда камакта) да күбө катары сурак берди.

Полный доступ к архивам АКИpress (общественно-политические новости, культура, происшествия и спорт, а также новости стран ЦА)

1 новость950 сомКупить
год15000 сомподписаться?
Данные тарифы действуют только для частных лиц.
Если вам необходим корпоративный доступ к материалам (для организаций, госорганов, ведомств и т.д), пожалуйста, свяжитесь с нами по почте info@akipress.org

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»