08:41, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвадагы кыргыз аялдын өлүмү: Денеде күч колдонуунун белгилери жок, - ИИМ

На русском
16:16, 24 бугу айы 2019 409

Баракелде -  Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Россиянын Москва шаарындагы батирден жансыз денеси табылган кыргыз аялдын өлүмү боюнча билдирүү таратты. Анда болжолдуу маалымат боюнча, денеде күч колдонуунун белгилери жок экени айтылат.

ИИМдин билдирүүсүндө: «23-май күнү айрым маалымат агенттиктеринде Москвадагы батирде Кыргызстандын жаранынын жансыз денеси табылганы жана батирден баалуу буюмдар жоголгону тууралуу маалымат жарыяланган. Аталган факты боюнча Россиянын ИИМнин Пресненск району боюнча нөөмөт бөлүмүнө 19-майда саат 23:10 чамасында билдирүү түшкөн. Полиция кызматкерлери келген учурда Кыргызстанда 1979-жылы туулган К.З. аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Денеде күч колдонулуп өлтүрүүнүн белгилери жок болгон. Ал Россиянын жараны болчу,Тверь облусунун Сонков районунун Полнино айылында катталган.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкы тергөө башкармалыгынын борбордук административдик округу боюнча тергөө бөлүмү тершерүү жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертизалар, анын ичинде өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусу чыккандан кийин чаралар көрүлөт.

Маркумдун сөөгүн туугандары "ЖҮК-200" аркылуу кичи мекенине жөнөтүштү. Бул иш ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө», - деп айтылат.

------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Москва шаарында өз батиринде каза болгон кыргыз аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелип жатканын кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирген болчу.

Маалыматка караганда, 21-май күнү Москва шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 1979-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган.

У.Кошматовдун айтымында, каза болгон аял жакында эле турмушка чыккан. Анын күйөөсү өз кызыкчылыгын ойлоп, жубайын өлтүрүп, батирден керектүү нерселерин алып, изин жашырып качып кеткени айтылууда.

«Учурда кылмышка шектүү кармала элек. Жергиликтүү милиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми маркумдун сөөгү бүгүн, 23-май күнү бир туугандарынын коштоосунда Москва—Бишкек каттамы боюнча мекенине жиберилди. Каза болгон аял Россиянын жарандыгын алып, Москвада жашап келген. Анын артында уулу жана кызы калды», - деген У.Кошматов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком