18:09, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тегерегиңизде анча-мынча «палит балдар» бар, - депутат өкмөт башчыга

На русском
13:14, 24 чын куран 2019 (Жаңыланды: 14:07, чын куран 24 2019) 371
Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Баракелде -  Өкмөт 2018-жылы аткарган иштердин жыйынтыгы бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында каралып жатат. Алгач өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев отчетту окуп бүткөндөн кийин суроо-жооптор уланды.

Анын алкагында депутат Азамат Арапбаев инвестицияга байланыштуу суроо менен кайрылды.

А.Арапбаев: - Экономикада, жалпы мамлекеттин саясатында «инвестиционный привлекательность», «инвестиционный климат» деген терминдер бар. Ошону кантип түшүнөсүз, маалымдап бересизби?

М.Абылгазиев: - Бул түшүнүк абдан кеңири. Инвестициянын тартылышы боюнча: сөзсүз эле тыш жактан келе турган инвестиция эмес, ички дагы өзүбүздүн жарандарыбызга, ишкерлерге бере турган шартта. Инвестиция мыйзамдардан башталат. Кандай шартта, инвестиция кантип корголот. Келген каражат, капитал, негизги жабдыктар кантип корголот жана эгерде тыш жактан келе турган болсо ички жарандардай болуп сезеби, бирдей корголобу, кээ бир учурларда балким артыкчылыктар берилет. Мына ушунун баарын ойлойм, инвестициялык климат, инвестициялык шарт деп айтылат.

А.Арапбаев: - Туура. Эми инвестицияга өкмөт, парламент жакшы шарт түзбөсөк сырттан келген инвестиция чектелет же келбей коюшу мүмкүн. Ички ири ишкерлер дагы...

2016-жылы 5-январдагы №1 токтом менен... Тоо кен тармагын айтып жатам… Азыр ошол жерде өзүнчө шарттар бар. Айыл чарба багытындагы жоготуулар эч нерсесине карабай 49 жылга алынат деп токтом чыгып калды.

Бирок кен байлыктын ар кандай түрү бар. Кээ бири 3 жыл, кээ бири 10 жыл, кээ бири 25 жылда өзүнүн көлөмүн бүтүрөт. Бизде рекультивациялык эсептер бар, мунун баары долбоордун негизинде жасалат. Сиз 49 жылга алганыбыз туура деп эсептейсизби?

М.Абылгазиев:- Өзүңүз айткандай кен байлыктын максатына жараша болушу керек го деп ойлойм. Мисалы, өзүңүз айткандай кайсы убакка чейин иштетилет, андан кийин аны өкмөттүн балансына өткөрүп бериш керек.

А.Арапбаев: - Мен айтып жатам: кен байлыктын ар кандай түрү бар, кээ бири 100 жылдап бүтпөйт, кээ биринин көлөмү 5-10 жылда бүтүп калат. Эмнеге биз инвесторлорго 49 жылга төлөттүрүп жатабыз. Ушул туурабы, инвестициялык шартка туура келеби?

М.Абылгазиев: - Туура эмес.

А.Арапбаев: - Туура эмес болсо премьер-министр катары отчет бүткөндөн кийин тез арада оңдой аласызбы?

М.Абылгазиев: - Оңдойлу, бул туура эмес.

А.Арапбаев: - Экинчи маселем, өкмөт башчы катары жакшы аракет кылып жатасыз, иштеп жатасыз. Бирок тегерегиңизде анча-мынча «палит балдар» бар. «Sheraton» отели мамлекеттин абийирин көтөрө турган ири долбоор, миллиондогон инвестиция... Сиз жардам катары түшүнүү менен токтомго өзгөртүү киргизип бердиңиз, бирок ошол токтомду тегерегиңиздеги «палит балдар» 1 ай кармап, анан албетте бекер берген жок.

М.Абылгазиев: - Өзүм да мурда бизнесте жүргөм, түшүнөм да. Чиновниктердин мамилеси кандай болорун...

Өзгөчө шарт кылып кол коюп бердик, ал жерде миллиондогон долларлар турат. Имиджге таасирин берүүчү адамдарга ошондой кыла турган болсо мен аны териштирейин. Бирок кол коюп жатканда балдарга айткам: «Бул жерде эмне болбосун» деп. Абдиевге да айткам, Аппараттын балдарына да айткам. Эгерде мисалдар болсо берип койсоңуз, чара көрөйүн.

А.Арапбаев: - Мухаммедкалый Дүйшекеевич, сиз ошону туура түшүнүү менен колдодуңуз. Бирок тегерегиңиздеги балдар ошол кагазды 1 айдан ашык кармап, бирок колуна бир нерсе жуктурмайын берген жок. Ошону айкым келип жатат. Тегерегиңизди тазалаңыз. Атыңызды булгап жатышат ошолор.

М.Абылгазиев ушул токтомго кол коюп жатканда шекшигенин айтып, чара көрө турган болду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком