06:03, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Лимонтинин» фейктери жана №47 абактагы козголоң: Жалган маалымат тараткандар жазаланат

На русском
18:26, 18 чын куран 2019 325
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Акыркы күндөрү фейктердин жардамы менен №47 абактагы козголоң жана «Лимонти» каймана аты менен таанымал Алмаз Сулайманов эң сонун камерада жашайт деген чындыкка дал келбеген маалыматтар тарады. Жалган маалыматтарды таратууга буйрук бергендердин максаты — акыркы 2 айда Мелис Турганбаев жүргүзгөн ЖАМК системасынын реформасын каралоо. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде ЖАМКнын баса сөз кызматы билдирди.

«Мисалы, №47 абактагы жолугушуу үчүн бөлмөлөрдө, операциялык блокто оңдоп-түзөө жана куруу иштери болуп жатат. ЖАМКтын мекемелеринде кармалгандар жана алардын туугандары үчүн кыска жана узак мөөнөттөгү жолугушуусу үчүн бөлмөлөр бар. Бул бөлмөлөр эл аралык донорлор менен бюджеттин, ошондой эле мекемедеги өндүрүш цехте иштеген абактагы адамдардын каражатынын эсебинен оңдолгон. Ушул бөлмөлөрдүн биринде А.Сулайманов жазасын өтөп жатат деген жалган маалыматтар тарап кетти. Ал эми Сулайманов болсо №16 абакта кармалып турат», - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүдө маалымат тараткан сайттар чет өлкөдө катталгандыгы аныкталды. ЖАМКтын басма сөз кызматы билдиргендей, жакын арада жалган маалыматты таратууга буйрутма бергендер табылып, жазасын алат. Укук коргоо органдары бул багытта тиешелүү иш алып барат. Ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ЖМК менен коомчулукту социалдык түйүндөгү чагымчыл жана жалган маалыматтарга алданбоого чакырды.

№47 абактын хирургиялык бөлүмүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан сүрөттөр:

--------------------------------------------------

Буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Лимонти» каймана аты менен таанымал Алмаз Сулайманов эң сонун камерада жазасын өтөп жатат делген видеоматериал социалдык түйүндөрдө тараган. Бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

«Чындыгында бул эң сонун делип жаткан камерада №1 абакта жаза өтөп жаткандар туугандары менен жолугушат. Учурда Алмаз Сулайманов №16 абакта кармалып турат», - деп айтылган маалыматта.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы учурда Сулайманов отурган бөлмөнү көрсөткөн.

Социалдык түйүндөргө тараган видео:

Ошондой эле социалдык түйүндөрдө Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган Алмазбек Сулайманов катуу сабалганы тууралуу видеотасма тараган. Окуя Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 мекемесинде болгону айтылган.

Ал эми ЖАМКтын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген. Расмий органдын маалыматы боюнча, А.Сулаймановду эч ким сабаган эмес.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком