06:00, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган тосмолор алынды (сүрөт)

На русском
12:00, 18 чын куран 2019 97
Мэрия Бишкек
Мэрия Бишкек

Баракелде -  Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан Жумабеков көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан билдиргендей, 28-марттагы шаардык прокуратуранын сунушунун негизинде мыйзамсыз орнотулган тосмолор алынды. Муниципалдык жерге тосулган объекттин жалпы аянтынын узундугу 61 метрди түздү. Ал алынгандан кийин 588 квадрат метр жер кеңейтилди.

Буга чейин мэрия «Ак Банк» ААКсына мыйзамсыз орнотулган тосмолорду өз ыктыяры менен алып салуу боюнча эскерткен. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча аталган компания 2003-жылдын 30-июнунда кайрадан каттоодон өткөн.



Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком