11:39, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаардын» камерасын талкалоого аракет кылган милиционер жумуштан бошотулду

На русском
11:56, 17 чын куран 2019 297
«Коопсуз шаар» долбоору
«Коопсуз шаар» долбоору

Баракелде -  «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган камераны талкалоого аракет кылган милиция кызматкери жумушунан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде АКИpress агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 21-февралда саат 17:37де Беш-Күңгөй айылындагы бейбаштык боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлүп, милиция кызматкерлери аталган күнү Беш-Күңгөй айылында «Вега Оперейтинг» компаниясынын адиси видеокамера («Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында) орнотуу иштерин жүргүзгөнүн аныкташкан. Бул учурда белгисиз эки адам кызматкерди кемсинтип, жумушуна тоскоолдук кылып, андан кийин камераны талкалоого аракет кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аталган адамдардын өздүгү аныкталган. Алардын бири Бишкектеги райондордун бириндеги күзөт бөлүмүнүн кызматкери экени такталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком