03:48, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Элге жага турган, кыска мөөнөттө упай топтой турган чечимдерге көңүл бөлөбүз, - өкмөт башы М.Абылгазиев

12:21, 12 чын куран 2019 324

Баракелде -  Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы үчүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы аткарылган иштер боюнча отчет берип жатат.

Анын алкагында депутат Алтынбек Сулайманов: «Өкмөттүн отчету жылдагыга салыштырмалуу, рейтингдер менен айырмаланып жатат, бул жагы жакшы көрүнүш. Өкмөттү жаман иштеди десек, жакшы өкмөтүн бизге башка бирөө бербейт. Өкмөт иштебей жатасыңар дегенден алысмын, күн-түн дебей иштеп жатасыздар, аракет кылып жатасыздар. Бирок 30 жылдан бери жыйынтык жакшы жылбаганын өзүңүздөр дагы билип турасыздар. 30 жылда 30 премьер-министр алмашты. Бардыгы туура эмес иштеди дегенден алысмын, биздин маршрутубуз туура эмеспи, туура эмес, башка транспортко түшүп алганбызбы деген ойлор болуп жатат», - деп кайрылды.

Алтынбек Сулайманов: - Мухаммедкалый Дүйшекеевич, мамлекетибизде жарандардын жон териси менен сезген негизги маселелер деп кайсыны айта аласыз?

Мухаммедкалый Абылгазиев: - Эл кайсы проблемаларды козгойт? Бул социалдык маселелер — пенсия, жөлөк пул, айлык маяна проблемасы. Анан экономикалык… Мен ойлойм, буларды чечүү үчүн эң башкы маселе — бул жумушчу орун түзүү боюнча.

Сурооңуздун төркүнүн түшүнүп жатам, мен дагы кесиптештериме баа бербейм. Бирок бир жылдан бери анализ жасап, бардыгын көргөн адам, өкмөт жетекчиси катары менин оюм боюнча, биз системаны түзгөн эмеспиз. Убактылуу элге жага турган, саясий кызыкчылыктарга жага турган чечимдерге, кыска мөөнөттө упай топтой турган чечимдерге көп көңүл бөлөбүз. Менин оюм боюнча системалуу иш алып барышыбыз керек. Айыл жериндеги көйгөйлөрдүн баарын айтып жатабыз. Мунун баары эмнеден. Биринчи проблеманын өзүн билсе да билмексен болгондуктан. Биздин оюбуз боюнча, жаранын өзүн чукуп чыгып, ошол жараны дарылашыбыз крек. Региондорду өнүктүрөлү, айыл чарбасын өнүктүрөлү деген жөн эле курулай сөз эмес. Эң башкысы ошол чечилсе социалдык проблема: миграция маселеси, демография маселеси, балдардын төрөлүшү, алардын ден соолугу, окууга болгон жөндөмдүүлүгү, сапаты — ушулардын баары тең системалуу көз караш менен, мамиле, анан чечим чыгарганга... Мен ойлойм, ошондон болуп жатат.

Өкмөт башчынын көп алмашканы тууралуу М.Абылгазиев: «Көп алмашканы... Бир маселеге көзү жете электе кетип калгандыгы, алмашып, башка министр, башка жетекчи келгени, туруктуулуктун жоктугу — ушунун баары ушуга алып келди деп ойлойм», - деген пикирин айтты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком